Күнгө узак какталгандан кийин сууга кирүүгө же секирүүгө болбойт! ИИМдин эскертүүсү
RU

Күнгө узак какталгандан кийин сууга кирүүгө же секирүүгө болбойт! ИИМдин эскертүүсү

Все самое интересное в Telegram

Ички иштер министрлиги жай мезгилинде көлмөлөрдө балдардын өлүмүнө жол бербөө максатында балдардын ата-энелери үчүн атайын эскертүү даярдады.

Балдардын өмүрүн кантип сактоого болот?

- сак болуп, балдарды ар дайым көзөмөлдөп туруңуз;

- балдарды эрте сүзүүгө үйрөтүңүз, суунун жанында же бассейнде жүргөндө балдарды көз жаздымда калтырбаңыз;

- балдарга жалгыз жана алыстан, андан ары колун сунуп сүзүүгө жол бербеңиз;

- жээкте, көлдө, кайыкта, тайыз суунун же бассейндин жанында балага жакшы сүзгөндү үйрөнгөнгө чейин жеке куткаруучу каражаттарды кийгизиңиз. Аны дайыма көзөмөлдөп туруңуз;

- эгерде суунун тереңдиги бир жарым метрден аз болсо, ошондой эле улуу адам жок болсо, баланын сууга секиришине жол бербеңиз;

- күн күркүрөп жатканда балдарды көлмөлөрдөн жана башка суулардан алыс кармаңыз;

- сууга чөгүп кетүүдөн сактануу үчүн балдарды өзүн - өзү жана өз ара жардам элементтерин үйрөтүңүз;

Сууга түшүү эрежелери:

- сууга уруксат берилген жерлерде, жашылдандырылган пляждарда гана барууга болот;

- катуу агып жаткан тик, таштуу жээктерде, саздак жана өсүмдүктөр өскөн жерлерде сууга түшпөнүз;

- суунун температурасы 19 градустан төмөн болбошу керек, анда 20 мүнөттөн ашык эмес болуу сунушталат, сууда болуу убактысы акырындык менен 3-4 мүнөткө көбөйүшү керек;

- 15-20 мүнөттөн бир нече жолу сууда жүргөн жакшы, анткени муздаганда талма пайда болуп, дем алуу токтоп, эс-учун жоготушу мүмкүн;

- күндө узак какталгандан кийин сууга кирүүгө же секирүүгө болбойт, анткени сууда муздаганда булчуңдар кысылып, жүрөк токтоп калышы мүмкүн;

- көпүрөлөрдөн, пристандардан сууга секирүүгө, кайыктарга, катерлерге жакын сүзүүгө уруксат берилбейт;

- эгер сүзө албасаңыз, үйлөмө матрацтарда жана тегеректерде жээктен алыс сүзбөңүз;

- суудагы чектөө белгилерин билүү абдан маанилүү.

Эсиңизде болсун, сууда коопсуз жүрүм-турум эрежелерин бузуу адамдардын, анын ичинде балдардын өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат. Баланын жашоосу жана ден-соолугу сизден гана көз каранды экенин унутпаңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6997