Депптин жактоочусу, актёр мурдагы аялынан акча албай деле коюшу мүмкүн деди
RU

Депптин жактоочусу, актёр мурдагы аялынан акча албай деле коюшу мүмкүн деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Джонни Депп мурдагы жубайы Эмбер Хердден сотттон утуп алган 10,4 миллион долларды өндүрбөй деле коюшу мүмкүн. Мындай пикирди америкалык актердун юристи Бен Чу ABC каналындагы "Good Morning America" ​​программасында билдирди.

Адвокаты маалымдагандай, Джонни Депп сотко акча үчүн эмес, репутациясын калыбына келтирүү маселеси менен кайрылган. Бен Чунун айтымында, актёр бул максатына жетише алды. Соттук процесс Джонни Депптин "толук жеңиши" менен аяктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7013