Түркияда кыргызстандык кош бойлуу аял таксиде көз жарды
RU

Түркияда кыргызстандык кош бойлуу аял таксиде көз жарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык кош бойлуу аял таксиде көз жарды. Бул тууралуу www.iha.com.tr түрк басылмасы жазып чыкты.

Билдирүүдө, ооруканага жеткирилген аялдын толгоосу башталып, ал эми таксиден түшүү ден соолугу үчүн кооптуу болгондуктан, медайымдар төрөттү түз эле унаада кабыл алууга аргасыз болушканы айтылат.

Ымыркайга "Периште Аиша" деген ысым ыйгарылган.

Учурда эне менен баланын абалы жакшы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7024