Ура! Бишкекте заманбап стадион курулат
RU

Ура! Бишкекте заманбап стадион курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-июнда президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын футболдук беттешине катышып, оюн бүткөндөн кийин улуттук кураманы куттуктоо үчүн кийим алмаштыруучу жайга кирди.

Жапаров спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, Азия кубогуна катышууга байланышкан бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи.

Эң негизгиси, президент быйыл август айында Бишкекте 22,5 миң орунга эсептелген заманбап стадион курула турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7087