Сабакты жакшы окуйт. Балмуздактын пайдалуу жагы
RU

Сабакты жакшы окуйт. Балмуздактын пайдалуу жагы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балмуздактын пайдасы жана аны кантип туура жеш керектигин айтып беребиз.

Сүттүн курамында көп өлчөмдө кальций болгондуктан, ар бир жаш бала күнүнө бир литрден кем эмес сүт ичип туруусу керек. Бирок бардык балдар сүттү ичкиси келе бербейт. Ошондоуктан анын ордуна балмуздакты колдонсо болот. Анткени сүттө болгон пайдалуу элементтер балмуздакта дагы сакталып каларын далилдеп чыгышкан. Балмуздак майлуу болуп эсептелгени менен ашказанга киргенде тез сиңүүчү азык болур эсептелет. Организмге майдын топтолушуна шарт түзбөйт.

  • Балмуздактын курамында лактоза, кальций жана магний бар. Алар ашказан, ичегинин иштешин жакшыртып, жүрөк-кан тамырлардын иштешине пайдалуу.
  • Таттуу болгондуктан маанайды көтөрүүчү касиетке ээ.
  • Балмуздак мээнин кан тамырларынын иштешин жакшыртып, эс тутум жана ой жүгүртүүнү калыпка келтирет. Натыйжада өтүлгөн теманы оңой кабыл алып, сабакты жакшы окуйт.
  • Балмуздакты өзүнүн кичинекей кашыгы менен жеген учурда ангина, фарингит, тонзиллит ооруларынын алдын алууга болорун дарыгерлер айтышат. Анткени аз-аздан балмуздак жеп туруу баланын тамагындагы былжыр челдин сезимталдуулугун азайтып, аталган ооруларга туруштук берүүсүн күчөтөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7101