Кытайда аял сатып алган күчүк аюу болуп чыкты
RU

Кытайда аял сатып алган күчүк аюу болуп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын тургуну сатып алган күчүк, эки жылдан кийин ит эмес, азиялык сейрек кездешүүчү кара аюу экени белгилүү болду.

Аял ал күчүктү эс алуу учурунда сатып алган. Аны менен эки жыл жашаган. Бул убакыттын ичинде ити менен бир нерсе болуп жатат деп шектене баштайт. Ити тамакты көп жеп, арткы буттары менен баса баштаган. Салмагы жүз килограммдан ашканда аял чындап кабатыр болуп кирет.

Ал дароо адистер менен байланышат. Адистер итин карап чыгып, азиялык кара аюу экенин айтышат.

Жыйынтыгында, жаныбар Юньнань жапайы жаратылышты коргоо борборуна жеткирилген. Эми ал жерде табигый шарттарда жашоого үйрөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7108