Кыргызстандык таксистти өлтүргөнү үчүн Москванын тургуну 11 жылга кесилди
RU

Кыргызстандык таксистти өлтүргөнү үчүн Москванын тургуну 11 жылга кесилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кылмыш февраль айында Москва облусунун Талдомский районунда болгон. Кыргызстандын жараны кечке маал чакыруу алгып жөнөйт. Салонго улгайып калган киши отуруп, таксисит менен жүргүнчү сүйлөшө кетишет.

"Айдоочу турмушуна нааразы экенин билдирип, акчасын эч нерсеге жеткире албай жатканына даттанат. Кылмышкердин версиясы боюнча, ал айдоочунун монологун угуп, ага келишим сунуштайт: 200 миң рубль берип, машинени запчастка чачат, ал эми айдоочу машине уурдалды, деп арыз жазат. Ошону менен макулдашышат", - деп Жаңылыктардын федералдык агенттиги жазды.

Алар Волковдун Тверь облусунда жайгашкан гаражына жөнөшөт. Бирок жолдон баратып экөөнүн ортосунда акча үчүн уруш чыгат.

Волков тапанчасын алып чыгып, каршылашына үч ирет атат.

Таксист ошол жерден эле каза болот. Кылмышкер анын денесин сыртка таштап, уурдалган автомашина менен гаражына чейин келет. Бул факт боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш Кодексинин "Киши өлтүрүү" жана "Уурдоо" беренелери боюнча иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна албай, болгон иш үчүн каза тапкан айдоочунун күнөөлөйт. Анын айтымында, таксист ага биринчи кол салып, андагы акчаны уурдоого аракет кылган. Волков мурда атайын бөлүмдө кызмат өтөгөндүктөн "автоматтык түрдө коргоно баштаган", б.а. дароо ок аткан.

Соттун жүрүшүндө ал өз күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, өзүн коргоо максатында гана атканын билдирген.

Андан тышкары айыпталуучу анын өнөкөт жүрөк оорусу бар экендиги тууралуу малымкат көрсөткөн. Бул соттун чечмин жумшартуучу фактор катары каралып, ага 11 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/73