Маршруттук таскиде толгоосу башталган келинди төрөт үйүнө жеткирген айдоочу сыйланды
RU

Маршруттук таскиде толгоосу башталган келинди төрөт үйүнө жеткирген айдоочу сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №214 маршруттук таксиде кош бойлуу келиндин толгоосу кармап, ал төрөт үйүнө жеткирилген. Окуя кечээ, 7-июлда болуп, айдоочуну интернет колдонуучулар алкоого алышкан.

Бүгүн, 8-июлда маршруттук таксинин айдоочусу Азамат Рысалиев экени белгилүү болду. Ал өзүнүн кызматтык жана жарандык милдеттерин так аткарып, жүргүнчүлөрдү тейлөөдө маданияттуулугун көрсөткөндүгү үчүн Транспорт департаментинин Чүй-Бишкек аймагы боюнча башкармалыгы тарабынан Ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.

Белгилей кетсек, Азамат Рысалиев унаанын салонунда толгоосу башталган келинди борбор калаадагы №1 төрөт үйүнө жеткирген. Маршруттук таксиде башка жүргүнчүлөр да болуп, айдоочу алардын макулдугу менен келинди төрөт үйүнө алып барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7447