Курултайды колдогондор алданды. Аксакалдар Конституциянын дагы бир вариантын сунушташты
RU

Курултайды колдогондор алданды. Аксакалдар Конституциянын дагы бир вариантын сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституциянын долбоору баштапкы вариантына дал келбейт, анткени курултайдын ролун кыйла төмөндөтүп салган. Мындай билдирүү менен 19-февралда бир нече кыймылдын аксакалдары чыгышты.

Эске салсак, 2020-жылы жаңы Конституциянын долбоору талкууланып жатканда, коомчулук курултай Кыргызстандагы бийлик органдарынын бири боло турганына нааразы болгон. Ошол эле маалда аны колдогондор да аз эмес экени белгилүү болгон.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө "Даанышман кеңеш", "Жети дубан ынтымагы", "Аксакалдар кеңеши" кыймылынын мүчөлөрү октябрь айындагы элдин талаптары эске алынбай калганына нааразы, "аксакалдар жаш революциячылардын ишин улантышы керек" деп билдиришти.

Алар Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебине шилтеме кылып, анда курултайга кеңири ыйгарым укуктар берилиши керектигин айтып, партиялык системаны жок кылып, люстрацияны киргизип, Жогорку Кеңештин шайлоо системасын жана судьяларды өзгөртүү, элдин бийлигин орнотуу керек деп жазылган. Алардын айтымында, калктын консервативдүү пикирдеги катмары дал ушул идеяларды колдошкон, бирок мунун бардыгы жаңы Конституциянын долбооруна киргизилген эмес.

Курултайды колдогондор эмне үчүн Садыр Жапаров өзүнүн эле идеяларын коргобой жатканын түшүнбөй жатышат. Алардын пикири боюнча, президентке туура маалымат жеткирилбей калды.

"2016-2017-жылдары биз Жапаровдун идеяларын жайылтып, региондорго барып анын китептерин таратып, дисктерге жазыдырып, идея үчүн иштегенбиз. Бирок, эми көңүлүбүз калды. Анткени бизге туура эмес конституция сунушталып жатат", - деди Эрмек Абдыкеримов.

Кыймылдын мүчөлөрү Конституциялык кеңеш алардын кайрылуусуна көңүл кош мамиле кылып, бир жолу милиция Илим Академиясында өтүп жаткан жыйынга киргизбей койгонун эскеришти.

"Конституциялык кеңеш тарабынан иштелип чыккан Конституциянын долбоорунда курултайдын бийлик органы катары аныктамасын жокко чыгарылган. Анда эски система өзгөрүүсүз калган. Эгер долбоор кабыл алына турган болсо, анда өлк5өдө туруктуулук кепилдиги болбойт. Кийинки революцияга жол салынып жатат", - деп аксакалдардын бири билдирди.

Жалпысынан алганда, жаңы Конституциянын долбоору алардын көңүлүн калтырды. Ошондуктан алар, 65 пунткан турган альтернативдүү долбоорду иштеп чыгышты. Анда курултай парламентти жана президентти отставкага кетирүүгө акысы бар. БШК жоюлуп, бардык шайлоолорду курултай өткөрөт, Улуттук банктын жетекчисин, сотторду жана генералдык прокуратураны да курултай дайындайт. Анын мүчөлөрү жылына бир жолу чогулуп, президенттин, парламенттин, жана дайындалган жетекчилердин отчетун кабыл алып, зарылчылык пайда болсо отставкага кетиришет.

Алар өздөрүнүн Конституциясынын долбоорун да референдумга альтернатива катары киргизүү сунушу менен парламентке жана президентке кайрылышкан.

Эске салсак, курултайды киргизүү демилгеси менен Садыр Жапаров чыккан. Октябрь айында митингчилердин алдына чыгып айткан сөзүндө, андан кийин алгачкы интервьюларында да курултай системасы негизги болот деп убада берген. Бирок, жаңы Конституциянын долбоорунда ал жөн гана коомдук орган бойдон калды. Жалпысынан курултайдын функциясы, орду жана ролу түшүнүксүз бойдон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/756