Кытай Кыргызстандын армиясына техникалык жардам көрсөтөт
RU

Кытай Кыргызстандын армиясына техникалык жардам көрсөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытай Кыргызстанга аскердик техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 27-июлда маалымат жыйында айтты.

Министр белгилегендей, ушул жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров Пекинге иш сапары менен барган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз армиясына жардам көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн.

"Бул келишим февраль айында жетишилген. Анда Кытай Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Бирок көрсөтүлүүчү жардам биздин кайрылуубуздан көз каранды. Биз азыр тактап жатабыз. Балким, бул байланыш же башка жабдуулар болот. Кандай болгон күндө да бул техникалык жардам болот", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7649