Эмне үчүн автоклавдык газобетон идеалдуу курулуш материалы болуп саналат?
RU

Эмне үчүн автоклавдык газобетон идеалдуу курулуш материалы болуп саналат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"М Групп" ЖЧК Инвестициялык өнөр жай корпорациясы - Кыргызстанда автоклавдык газобетон өндүргөн алгачкы жана жалгыз корпорация.

"М Групп" 2006-жылдан бери автоклавдык газобетонду дүң жана чекене сатуу жана чыгаруу менен алектенип келет.

Корпорация чыгарган газобетондон: Bishkek Park соода борбору, Бишкектеги ЖЭБ, MedCity медициналык комплекси, "Эрудит" мектеби, SFB менен Нурзаман компанияларынын курулуш обьектери жана башкалар курулган.

Автоклавдык газобетон деген эмне?

Автоклавдык газобетон – экологиялык жактан таза жана өзгөчө мүнөздөмөлөргө ээ курулуш материалы. Ячеялуу түзүлүшкө ээ - бардык көлөмгө тең бөлүштүрүлгөн аба тешикчелерин камтыйт.

Автоклавдык газобетон кантип өндүрүлөт?

Автоклавдык газобетон табигый материалдардан – кум, гипс, акиташ, цемент, суудан жасалат. Автоклавда 12 ампер болгон жогорку басымда жана +200 градус Цельсий температурасы менен чыгарылат. Кадимки шарттарда алынбай турган касиеттерге ээ болгон жаңы минерал болуп чыгат.

Автоклавдык газобетондун уникалдуу 12 касиети

  • Өлчөмү так жана геометриялык формасы туура. Өзүнүн формасы жана өлчөмүнөн улам автоклавдык газобетон тез жана оңой төшөлөт. Ал төшөлгөндөн кийин дубал жылмакай болуп, штукатуркалоону жеңилдетет. Ушундай эле көлөмдөгү кыш үчүн 2,5 эсе көп убакыт талап кылынат.
  • Жеңил. Автоклавдалган газобетондун салмагы кирпичтин 1/3 салмагын жана бетондун 1/5 бөлүгүн түзөт. Бул учурда имараттын жалпы салмагы 40% дан жеңил болот. Жеңил салмак убакытты жана курулушка кеткен чыгымдарды үнөмдөйт.
  • Иштетүүгө ийкемдүү. Автоклавдык газобетонду кол шаймандары менен жакшы иштетсе болот: араа, бургу ж.б. Блокторду каалаган бөлүктөргө жана каалаган бурчта кесип алса болот. Ар кандай конструкцияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет - бурчтарды, аркаларды ж.б. Булар өз кезегинде имараттын эстетикасын жогорулатат.
  • Жылуулукка туруктуу. Автоклавдык газобетондун жылуулук изоляциясы бетон менен кирпичке караганда 10 эсе жогору. Кышында жылуулук, жайында кондиционер үнөмдөлөт. Кышында жылуу, жайында салкын.
  • Отко туруктуу. Жылуулук өткөрүмдүүлүгү төмөн, демек газобетон өрттү алдын алат. 600 градуска Цельсийде газобетон бекемделет, 600 градустан жогору болгондо кадимки температурадагыдай иштейт.
  • Өрткө туруктуу. Түзүлүшү поралуу болгондуктан, газобетон 700 градуска чейинки температураны кармайт. Ошол эле учурда зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
  • Суукка туруктуу. Автоклавдык газобетон сууктан урабайт . Жылуулукту сактоо жагынан 20 см калыңдыктагы газблоктун дубалы 50 см калыңдыктагы кирпич дубалына барабар. Газблок клей менен орнотулат. Бул кирпичтен айырмаланып, муздакты өткөрбөйт.
  • Үн изоляциясы. Автоклавдык газобетон үндү 3-5 эсе жакшы сиңирет, анткени анын структурасы кирпичтей эмес, ячеялуу.
  • Вентиляция. Ячеялуу структурасы нымдуулукту жакшы сиңирет жана өткөрөт, бул көктүн пайда болуусуна жол бербейт.
  • Сейсмикалык туруктуу. Кыргызстан сейсмикалык кооптуулугу жогору зонада жайгашкан. Мындай шарттарда салмагы аз жана бекем болгон газобетон эң актуалдуу курулуш материалы болуп саналат.
  • Экологиялык жактан таза. Автоклавдык газобетонду тандоо айлана-чөйрө үчүн эң жакшы чечим. Газобетонду өндүрүүдө жана колдонууда зыяндуу жана радиоактивдүү калдыктар чыкпайт, парник газдарынын эмиссиясы 50%га, айлана-чөйрөгө калдыктар 30%га кыскарат.
  • Туруктуу. Материал бардык климаттык шарттарга ыңгайлуу. Ага аба ырайынын кескин өзгөрүшү дагы ага таасир этпейт.

Суроолоруңуз пайда болдубу?

WhatsApp номерибизге жазыңыз:

📞 +996 709 93 63 48

📞 +996 705 789 789

📞 +996 554 887 738

📞+996 755 872 288

Кыялыңыздагы үйдү куруңуз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7680