Gakken Classroom япон окуу борборуу кызматташууга өнөктөштөрдү издейт
RU

Gakken Classroom япон окуу борборуу кызматташууга өнөктөштөрдү издейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте япониялык Gakken Classroom компаниясынын франшизасы пайда болду. Бул жөнөкөй эле математиканы окутуу борбору эмес.

Японияда Gakken эмне экенин билбеген бир дагы адам жок. Бул 1947-жылы негизделген басмакана. Ал китептерди жана журналдарды гана эмес, өнүктүрүүчү оюнчуктарды жана окуу куралдарын да басып чыгарат. Компания 40 жыл мурунку окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу боюнча өзүнүн көп жылдык тажрыйбасына таянуу менен Gakken Classroom окуу борборун негиздеген. Бул жерде математика аркылуу уникалдуу окуу системасын жана окуу материалдарын колдонуу менен балдар өз алдынча ойлонууга жана окууга жөндөмдүү болуп тарбияланат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 420 000ден ашык бала билим алган 15 000дей билим берүү борборлору бар.

Gakken Classroom окуу борборуна келген балдар математиканы гана эмес, өз алдынча болууга да үйрөнүшөт. Айталы, бут кийимди туура алмаштыруу жана бут кийимди чечкенден кийин ордуна тыкан кылып коюу, окуу учурунда түз отуруу жана тартипти сактоо жөндөмү. Булардын баары уникалдуу окуу борборунун өзгөчөлүгү.

Кыргызстандагы Gakken Classroom биринчи окуу борборунун аткаруучу директору Котоми Асаяма 2013-жылдан бери Кыргызстанда жашап, ыктыярчы болуп иштеп, япон тилин үйрөнүүнү каалагандарга жардам берип келатканын айтты. Ал ар дайым билим берүү тармагына салым кошууну, балдарга фундаменталдык жөндөмдөрүн калыптандыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү каалаган.

"Ишкер болуу менен Кыргызстанда өзүмдүн компаниямды түзүп, Япониядагы эң белгилүү компанияны өлкөгө тартууга жетиштим", - деди ал.

Gakken Classroom 5 жаштан 12 жашка чейинки балдарды уникалдуу система боюнча, автордук окуу материалдарын колдонуу менен окутат. Программа балдарда логикалык ой жүгүртүү жана көйгөйдү чечүү жөндөмдөрү сыяктуу фундаменталдык көндүмдөрдү өнүктүрөт. Мунун менен балдардын 21-кылымда зарыл болгон жөндөмдөрүн калыптандырат.

"Методологиянын максаты - баланын Self Learning көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берүү, чоң адамдан - ата-энеден, мугалимден көз карандысыз болууга үйрөтүү, баланын өз алдынча билим алуу жөндөмүн арттыруу болуп саналат. Математиканын жардамы менен биз балдардагы келечекте керек боло турган фундаменталдуу көндүмдөрдү өнүктүрөбүз. Мунун аркасы менен академиялык билим абдан жакшы өнүгөт: өз катасын өз алдынча табууга үйрөнөт",-деди "Gakken Classroom Кыргызстандын" аткаруучу директору Ибарат Самакова.

Анын айтымында, бала ката кетиргенде, Sensei ага кайсы жерден ката кетиргенин айтпайт жана эч качан аны сындабайт. Бала эки белги турганын көрүп, тапшырмада эки ката бар экенин түшүнөт, катасын өзү издеп таап, оңдоп, 100 упай алат. Ошентип, окуу процессинде балдардын мотивациясы жана ишеними жогорулайт.

Окуу борбору академиялык чеберчиликтен тышкары япониялык TOKUIKU ыкмасы боюнча адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча да иш алып барып. Айталы баланы адептүү, тыкан, камкор жана тартиптүү болууга үйрөтөт.

Ар бир балада, алардын жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен иштеп чыгарылган өзүнүн жеке окутуу программасы болот. Мектептегидей жыл жана класс боюнча бөлүү жок – бул ыкма No-grade method деп аталат, башкача айтканда, классты эсепке албаган ыкма. Алгач бала диагностикалык тесттен өтөт. Анын жыйынтыгында Sensei баланын күчтүү жана алсыз жактарын, жөндөмдөрүн, темптерин билет. Алгач окууга кабыл алуудан мурун, борбор эки акысыз сабак сунуштайт.

Gakken Classroom окуу борборунда сабактар ​​жумасына эки жолу бир сааттан өтөт. Ата-энелер жана алардын балдары өздөрүнө ыңгайлуу убакытты тандашат.

Жибектин апасы Айдай Койчуманова кызы 1-классты ийгиликтүү аяктаганын, кээде сабактарды калтырып жатканына карабай абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын айтты.

"Кыздарыма абдан жагат, анткени аларды бул жакта эч ким окугула деп мажбурлабайт, балага ал каалагандай, кызыктыруу менен окутушат. Кичүү кызым беш жашта, ал дагы борборго келет. Сабырдуу болуп, артынан оюнчуктарын жыйнаганды үйрөндү",-деди апасы.

Дилбардын чоң апасы Акыл Абдрахманова, алар "Тысячи мелочей" соода борборунун аймагында жашашарын, бул жакка келүү үчүн жолго эки саат убакыт кетиришээрин, бирок небереси жолдон чарчаганына карабай, сабактан ырахат алаарын белгиледи.

"Ал башка ийримдерге да барат, бирок азыр аларды таштап, Gakken Classroom гана баргысы келип жатат. Кызыбыз өжөр, аны айтканынан баш тарттырууга болбойт", - дейт Абдрахманова.

Ибарат Самакова белгилегендей, бул КМШдагы биринчи борбор, ал Токиодогу башкы кеңсе менен түз иштешет. Борбор эки жылдын ичинде окутуу методикасын Кыргызстандын бардык аймагына жайылтууну пландоодо. Ошондуктан,борбордун негиздөөчүлөрү франшиза боюнча өнөктөштөрдү кызматташууга чакырат.

"Азыр өнөктөштөрдү, өлкөдөгү сапаттуу билим берүүгө салым кошууну каалаган адамдарды издеп жатабыз жана Gakken Classroom борборун бүткүл Кыргызстанга жайылтууну каалайбыз. Биз өнөктөштөрдү кылдаттык менен окутуп, аларга ар тараптан колдоо көрсөтөбүз. Эч кандай оор шарттар жок. Биздин бир гана тилегибиз, өнөктөштөр билимдин сапатына чын дили менен күйсө дейбиз", - деди борбордун негиздөөчүсү.

Франчайзинг тармагынын шарттары жана презентациясы менен таанышуу үчүн төмөнкү телефондорго чалыңыз: 0312 52 13 23, 0555 23 00 22, 0705 23 00 22 (Whatsapp). Өтүнмө толтуруу менен дагы презентацияга жазылсаңыз болот.

Кыргызстандагы балдардын билим алуусуна салым кошуңуз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7724