Экс-муфтий Максат Токтомушев дин башкармалыгына төлөмдөрдү кайтарды
RU

Экс-муфтий Максат Токтомушев дин башкармалыгына төлөмдөрдү кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир жыл мурда финансылык мыйзам бузууларды ишке ашырган деген кине менен кармалган экс-муфтий Максат Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына бардык төлөмдөрдү кайтарып берди. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан ырасташты.

Бирок мекемеден канча сумма төлөнгөнү боюнча маалымат беришкен жок.

Эске салсак, былтыр февраль айында Максат Токтомушев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аны жана Муфтияттын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берген деп шектелишкен. Андан тышкары Токтомушевге ажыга бара турган зыяратчылар берген каражатты колдонуп, финансылык мыйзам бузууларды ишке ашырган деген кине коюлган.Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7729