Ассоль Молдокматованын уулу түнкү клубдардын биринде ок чыгарганы айтылды. Видео
RU

Ассоль Молдокматованын уулу түнкү клубдардын биринде ок чыгарганы айтылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде ок атуу болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 12-августтан 13-августка караган түнү "Кипиш" түнкү клубунун кире беришинде чатак чыгып, анда бийчи Жан Воинов асманга бир нече жолу ок чыгарган. Андан сырткары Жан Воинов үч-төрт күзөтчүсү менен клубдун кардарларын жана мекеменин ээсин чочуткан.

Жан Воинов Александр Воинов менен Ассоль Молдокматованын уулу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7899