Липосакциядан кийин каза болгон келиндин окуясы. Ага операция жасаган клиника жабылды
RU

Липосакциядан кийин каза болгон келиндин окуясы. Ага операция жасаган клиника жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 40 жаштагы келин липосакция операциясынын кесепетинен каза тапкан окуядан кийин Art clinic менчик клиникасы жабылды. Аталган клиника ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арыз менен кайрылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, клиниканын жетекчилиги лицензияны токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылган. Кайрылуунун негизинде Art clinic жабылды. Ал эми дарыгер боюнча министрлик тараптан комиссия түзүлгөнүн айтышты.

Эске салсак, июнь айынын аягында 40 жаштагы келин жеке клиникалардын биринде липосакция жасаткандан кийин оор абалда Улуттук госпиталга түшүп каза болгон. Анын жакындары операция учурунда аялдын ичегилери жабыркаган деп шектенип жатышат. Өлүм боюнча Бишкек ШИИББде тергөө иштери жүрүп, жеке клиниканын хирургу камакка алынган.

Кийинчерээк жабырлануучу тарапка келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулуп, тараптар элдешкен. Ага ылайык кылмыш иши токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8054