Шал оорусу менен жабыркаган Русландын кыялы орундалды
RU

Шал оорусу менен жабыркаган Русландын кыялы орундалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20 жаштагы Руслан шал оорусу менен жабыркап келет. Бүгүн анын көптөн күткөн кыялы орундалып Парижге учуп кетти. "Үмүт" балдар реаблитациялык борборунун тарбиялануучусун Fusion Concept бий фестивалынын уюштуруучулары чакырган.

Францияга Русланды социалдык тарбиячысы Апара Абдрахманова жана Эрмек Кадыров коштоп кетти.

"Балким, сырттан караганда азыркы экономикалык кырдаалга жана көйгөйлөргө байланыштуу бул сапар кимдир бирөө үчүн чыныгы ысырап болуп көрүнөр. Бирок бул сапар биздин Руслан үчүн чоң мааниге ээ. Ал тоголок жетим. Төрөлгөндөн тарта анын тагдыры оор болгон. Ошол диагноздорго, чектөөлөргө жана кыйынчылыктарга карбай Руслан күн сайын жылмайып жашайт. Анын кыялынын орундалышы кайраттуулуктун, ишенимдин сыйлыгы. Ал кандай гана кырдаал болбосун сабырдуулугун, туруктуулугун көрсөтүп келет", - дешет "Үмүт" борборунан.

Аталган борбордон билдиришкендей, буга чейин Русланды Парижге жөнөтүү үчүн каражат топтоо иштери башталган. Кайдыгер карабай кол сунгандар Русланга, анын коштоп жүрүүчүлөрүнө учакка билет алып беришип, жатакана, тамак-ашка жетиштүү каражат менен камсыздашты.

"Русландын кыялдарын ишке ашыруу үчүн демилге көтөрүп, жигердүү жардамы үчүн бийчи Жан Воинов жана Олеся Семикоз ыраазычылык билдиребиз. Жан Воинов менен Олеся Семикоз көп жылдардан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүп, жардам көрсөтүп келишет. Ошондой эле Ленин районунун социалдык коргоо башкармалыгына жана Кыргызстан эл аралык университетине, ошондой эле четте карабай колунан келген жардамын бергендерге ыраазычылык билдиребиз", - деп кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8090