Чапан, калпак кийгизип. Президент Дмитрий Бивол жана анын машыктыруучусу менен жолугушту
RU

Чапан, калпак кийгизип. Президент Дмитрий Бивол жана анын машыктыруучусу менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Бивол жана анын жеке машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Дмитрий Биволду WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады.

"Биз сенин карьераңды жакындан байкап турабыз, өзгөчө азыркы замандын эң күчтүү мушкери Сауль Альвареске каршы акыркы беттешиңди белгилегим келет. Бул жеңиш сенин деңгээлиңден жана даярдык даражаңдан кабар берет. Дагы бир жолу чемпиондук наамыңды коргошуң менен куттуктайм. Сен анча чоң эмес шаардан – Токмоктон чыккан жөнөкөй жигит дүйнөлүк спорттук аренада ийгиликке жете аларын далилдедиң", - деп анын жеңиши бардык кыргызстандыктарды сыймыктандырганын белгиледи.

Ошону менен бирге Президент машыктыруучулар курамынын, негизинен чыныгы дүйнө чемпиондорун тарбиялай алган Геннадий Машьяновдун чоң ролун да белгиледи

"Мен спортчулардын ар бир ийгиликтүү таймашын жана машыктыруучулардын эмгегин жогору баалайм. Силердин ийгилик, силердин ата мекендик спорттун өнүгүшүнө кошкон салымыңар – бул спорт менен машыгууну каалаган жаштарга үлгү болуу. Биздин мамлекет ар дайым бул багытты колдоого даяр", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстан дене тарбия жана спортту, анын ичинде Дмитрий Бивол сыяктуу чемпиондорду тарбияло үчүн боксту да өнүктүрүүгө чоң көңүл буруусун уланта берерин кошумчалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө мушкер Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө болгон көз карашы менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаш спортчуларын даярдоого зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Соңунда Садыр Жапаров Дмитрий Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырды. Ошондой эле Дмитрий Бивол мамлекет башчыга футболка жана символикалык мээлейди тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8097