Ырчы Аскат Мусабеков эми мугалим болот
RU

Ырчы Аскат Мусабеков эми мугалим болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салттуу музыканын алып жүрүүчүсү, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков эми окутуучу болот. Тагыраагы, ырчы жогорку окуу жайга мугалим болуп кабыл алынды. Бул туурасында ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

"Бүгүн мен үчүн дагы өзгөчө күн болду. Өзүм учкан алтын уям Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына мугалим болуп кабыл алындым. Келечекте Улукмырза (ред.: Полотов) агайымдай устат болсом деген тилегим бар. Ишенип берилген милдетти актоого бардык күчүмдү жумшайм, буюрса", - деди ал.

Аскат Мусабеков эл оозуна "Карындашым", "Аруузатым", "Шириним", "Лейли", "Жамиля", "Кара кыз" аттуу ырлары менен алынган.

Ал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиянын комуз бөлүмүн аяктаган. Андан кийин Улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын элдик ырдоо бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Эл артисти Улукмырза Полотовдон билим алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8170