Жакында таштандыны кайра иштетүүчү завод курула баштайт
RU

Жакында таштандыны кайра иштетүүчү завод курула баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сентябрдын аягында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курула баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма кызматы билдирди..

Быйыл апрелде Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн инвестор издөө иштери жүрүп жатканын айткан.

"Мэрия бир нече эл аралык компания менен меморандумдарга кол койгон. Азыр келип түшкөн сунуштарды изилдеп, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууда", – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун айтуусунда заводдун курулушу 1,5-2 жылдын ичинде аяктайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8344