Түн тынч өттү. Баткен менен Чоң-Алайда абал чыңалуу бойдон турат
RU

Түн тынч өттү. Баткен менен Чоң-Алайда абал чыңалуу бойдон турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-сентябрь саат 08:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде, тагыраагы Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда кырдаал чыңалуу бойдон турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашат.

17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн тынч, окуясыз өттү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.

Өлкө жетекчилиги кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатакты курчутуу жана провокациялоо аракеттерин токтотуу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8467