Россияда мобилизацияга каршы чыккан миңден ашуун адам кармалды. Видео
RU

Россияда мобилизацияга каршы чыккан миңден ашуун адам кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин дароо эле 30дан ашык шаарларында нааразылык акциясы өттү. Акцияга чыгып кармалгандардын саны миңден ашты. Бул тууралуу BBC орус кызматы билдирди.

Укук коргоочу "ОВД-Инфо" уюмунун маалыматы боюнча, саат 01:33тө "38 шаарда 1403төн ашык адам кармалганын, акция өтүп жатканда полиция катаал аракет кылганын кабарлайт.

Митингчилер "Согушка жол жок!", "Балдарыбызга өмүр!" деп кыйкырышкан. Дагы жигит милиция кызматкерлерине ачууланып "Мен Путин үчүн, силер үчүн өлгүм келбейт!" деп кыйкырганда дароо кармалган.

Ал эми окуя болгон жерден тартылган видеодон адамдар митингчилерди алып кеткиси келген полицияны сабап салышканын көрүүгө болот. Россияда мындай көрүнүш сейрек кездешет. Анткени ал жакта полицияга каршылык көрсөткөнү үчүн оңой эле кылмыш ишин козгосо болот.

Акция башталганга чейин эле Москванын прокуратурасы массалык нааразылык акцияларын уюштургандар жана катышкандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылат деп билдирген. Андан тышкары студенттерге үйдө же университетте болгула деген билдирүү таратылып, митингге чыкпаган студенттерге экзамендерине жеңилдик берилери кабарланганын жазат. Ал эми Тюмень ФСБсы согушка каршы акцияга чыккандар армияга чакыруу кагазын эртерээк алышат деп убада кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8553