Ырчы Кызсайкал Кабыловага сүйүктүүсү баш кошуу сунушун жасады
RU

Ырчы Кызсайкал Кабыловага сүйүктүүсү баш кошуу сунушун жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Кызсайкал Кабыловага сүйүктүүсү баш кошуу сунушун жасады. 31-октябрда ырчы туулган күнүн курбу, досторунун катышуусунда белгилеген. Ал кеченин аягында ырчынын жигити үй-бүлө куруу сунушун жасады.

"Качан күйөөгө тиесиң, жигитиң барбы?" деген суроолорго чекит коё турган убакыт келди. Макул дедим. Ар бир адам бактылуу болууга татыктуу. Жигитим бар эмес жолдошум бар деп айтайын дечү элем", - дейт ал.

Кызсайкал Кабылова куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы. Ал кичинекей кезинен сахнада жүрүп, агасы Мажит менен "Бир тууганым" деген ырын аткарып, белгилүү болгон. 17 жашында турмушка чыгып, кыздуу болгондон кийин ажарышап кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9095