Сот Орозайым Нарматованы камакта калтырды
RU

Сот Орозайым Нарматованы камакта калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Активист, экс-депутат Орозайым Нарматова бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык сотуна жеткирилди. Анда Нарматованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча даттануу арызы каралды.

Соттук коллегия жактоочунун арызын канааттандыруудан баш тартты.

Эске салсак, Орозайым Нарматова Кемпир-Абад маселеси боюнча Россияда кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген. 29-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нарматова 2 айга СИЗО-1ге камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9285