Камчы Көлбаев курал-жарак менен кармалды. Видео
RU

Камчы Көлбаев курал-жарак менен кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, алардын иш-аракеттеринде 429-берене (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыштын белгилери байкалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) "Булат-М" мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда "Карасай" чек ара пунктунан жогорудагы адамдар кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталган.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Камчы Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлдү. Ошондой эле 8 даана ок атуучу курал (4 "Сайга" карабини жана 4 даана "ПМ" жана "Глок" үлгүсүндөгү тапанча) алынды.

Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9325