"Күзгү жалбырак", "Туңгуюк" тасмаларынын режиссёру дүйнө салды
RU

"Күзгү жалбырак", "Туңгуюк" тасмаларынын режиссёру дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Күзгү жалбырак", "Туңгуюк", "Карагул ботом" тасмаларынын режиссёру Темираалы Маймашев каза болду. Ал бир канча убакыттан бери ооруп жүргөнүн ырчы Гүлнур Асанова соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Үч ай мурда айрым журналисттер чыгарган чыр-чатактан улам комага түшкөнүн маалымдаган элем. Ошондон бери жакшы боло албай, акыры дүйнө салды", - деп жазат ырчы.

Темираалы Маймашев Гүлнур Асанованын өгөй атасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9338