Казакстанга колодон жасалган Манастын айкели тургузулат. Сүрөт
RU

Казакстанга колодон жасалган Манастын айкели тургузулат. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манастын эстелиги Казакстандын Астана шаарына тургузулат. Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даярдалды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен белгилешкендей, Алтынбек Максүтов президентке Манастын эстелигин Астана шаарында орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоорун сунуштады.

  • Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча координациялык планынын алкагында жетишилген;
  • Кыргызстанда жашаган скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн арасында эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлгөн. Сынактын жеңүүчүсү скульптор Үрүстөмбек Пазылов, архитектору маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев болду;
  • Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даярдалды;
  • Скульптура колодон жасалат;
  • Учурда Астана шаарынын акимиаты жер бөлүү боюнча чечим кабыл ала элек.

"Эстелик Астананын көрүнүктүү, эл көп жайгашкан жерине орнотулуусу пландалып, анда шаардыктар жана борбордун коноктору кыргыз архитекторлорунун эмгеги менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9487