Ноокатта наркы $200 млн болгон жер семирткич өндүрүүчү заводдун курулушу башталды
RU

Ноокатта наркы $200 млн болгон жер семирткич өндүрүүчү заводдун курулушу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат районунда жер семирткич өндүрүүчү заводдун курулуш иштери башталды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, завод Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 100 гектар жерге курулмакчы, учурда алгачкы жумуштарды баштоо үчүн 12 га жер бөлүнүп берилди.

Завод кытай инвесторлору менен биргеликте курулуп, долбоордун жалпы наркы 200 миллион долларды, ал эми заводдун жылдык кубаттуулугу 300 миң тоннаны түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин завод курулуп, ишке кирсе 2 миңге чукул жаран жумуш орун менен камсыз болору айтылган.

Негизи максат - элди сапаттуу жер семирткичтер менен арзан баада камсыздоо. Ноокат районунун айыл чарбасын өнүктүрүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9631