Аргентина Дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду
RU

Аргентина Дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-декабрда Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында Аргентина менен Франция беттешти.

Оюндун биринчи таймында Аргентина курама командасынын оюнчулары Лионель Месси (23-мүнөттө) Анхель Ди Мария (36-мүнөттө) 2 гол киргизгенге жетишти. Экинчи таймда Франция курамасынын оюнчусу Килиан Мбаппе 80 жана 81-мүнөттөрдө гол киргизип, эсепти теңеди.

Негизги оюнда командалар тең чыгып, овертайм жарыяланды.

Кошумча жарым сааттыкта Лионель Месси гол киргизип, эсепти 3:2 кылды. Оюндун 118-мүнөтүндө Мбаппе хет-трик жасады. Эсеп сандары теңелди.

Пенальтиде Аргентина курамасы 3 гол киргизип, Дүйнө чемпиону болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9647