Дмитрий Бивол 2022-жылдын мыкты мушкери деп табылды
RU

Дмитрий Бивол 2022-жылдын мыкты мушкери деп табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда төрөлгөн россиялык Дмитрий Биволду Boxing Scene (АКШ) басылмасы 2022-жылы дүйнөнүн мыкты мушкери деп тапты.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча жылдын мыкты мушкери деп Токмок шаарынын тургуну табылган. 2022-жылы Бивол мексикалык Сауль Альварес менен Хильберто Рамирести жеңип, WBA чемпиондугун эки жолу коргогон.

Эске салсак, Дмитрий Бивол Чүй облусунун Токмок шаарында туулуп-өскөн. 15 жашында ата-энеси менен Орусияга көчүп кеткен. Профессионалдык карьерасында 21 беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9830