Дастан Бекешев алдыдагы сууктан улам мектеп окуучуларын онлайн окутууну сунуштады
RU

Дастан Бекешев алдыдагы сууктан улам мектеп окуучуларын онлайн окутууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев алдыдагы сууктан улам мектеп окуучулары менен бала бакчалардын тарбиялануучуларын онлайн режиминде окутууну сунуштады. Ал бул сунушу билим берүү министри Улан Мамбетакуновго кайрылды.

"11-январда катуу суук болору болжолдонуп жатат. Ал эми ошол күндөн баштап балдар мектепке барышат. Албетте, мындай суукка Бишкектин коомдук транспорту даяр эмес, ал эми мектеп, бала бакчалар даярбы? Онлайн билим берүүнү бир нече күнгө узартууну билим берүү министрине WhatsApp аркылуу ойлонуп көрүүнү сурандым", - деп депутат өзүнүн твиттерине билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча келерки аптада Кыргызстанда катуу суук күтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9839