Өткөн суткада кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп пайдаланды
RU

Өткөн суткада кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп пайдаланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү кечээ, 12-январда катталды. Мындай керектөө экинчи ирет кайталанганын Улуттук энергохолдингден кабарлашты.

  • 12-январда эң керектөөнүн жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түздү.
  • Акыркы эки күндөн бери кечки сааттарда энергосистема болгон кубаттуулукта ишин алып барууда. Бул көрүнүш жылытуу мезгилинде өтө кооптуу.
  • Керектөөнүн өсүшү улана берсе авариялык өчүрүүлөр катталышы мүмкүн экенин белгилейт.
  • Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү менен бирге Токтогул суу сактагычынан суунун сарпталышы дагы эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү. Күн сайын суунун деңгээли 60 миллион куб метрге төмөндөөдө. Учурдагы 10,6 млрд куб метр деңгээлде суу ресурстарынын бардык көлөмү азайып, келерки күз-кыш мезгилине даярдыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Улуттук энергохолдинг абоненттерди саат 18:00дөн 21:00гө чейин жана эртең менен саат 7:00дөн 10:00гө чейин электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникаларын колдонбоого жана жылытуунун альтернативдүү булактарына (газ, көмүр) өтүүнү суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9910