Ырчы Бегимай Бекбоева мезгилсиз каза болду
RU

Ырчы Бегимай Бекбоева мезгилсиз каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Бегимай Бекбоева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында бүгүн, 17-январда анын санаалаштары билдиришти.

Ал эми сахналашы Дайыр Исмадияров ырчынын сөөгүн Кочкорго алып кеткенин айтты. "Жүрөгү сокпой калытыр. Кочкордо жерге берилет", - деди ал.

Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда төрөлгөн. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, актаруучу, апасы Жаңыл Кудайбергенова куудул, актриса.

Бегимай алгач сахнага 5-классында чыгып, кийин элге ырчы катары таанылган. Бирок ден соолугуна байланыштуу сахнадан алыстап кеткен. Артында бир уулу калды.

Kaktus.kg редакциясы Бегимай Бекбоеванын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9949