Энергетиктер кыска мөөнөттү өчүрүүлөр боюнча абоненттерге маалымат бермей болушту
RU

Энергетиктер кыска мөөнөттү өчүрүүлөр боюнча абоненттерге маалымат бермей болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымат берет. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты.

"Катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулады. Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келүүдө. Учурда өлкө аймагында жабдуулардын иштен чыгуусун жана алардын зыян тартуусун алдын алуу үчүн иш-чаралар көрүлүүдө. Бул электр энергиясын керектөө кубаттуулугун азайтат", - дешет басма сөз кызматынан.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынан буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу дешет.

"Акыркы бир нече күндөгү ашыкча кубаттуулук менен байланышкан өчүрүүлөр талданып, кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлөрүн белгилейбиз. Буга байланыштуу аймактык Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымат беришет".

Катуу суукка байланыштуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы төмөнкүдөй бир катар чараларды көрүүдө:

  • Компаниянын борбордук аппаратынын жетекчилигинин, бардык филиалдардын жетекчилеринин, ошондой эле жооптуу адистердин нөөмөтү уюштурулду.
  • Объекттерде өздүк курамдын кошумча түнкү нөөмөттөрү уюштурулду;
  • Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда аны тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы даярдалды;
  • Ремонттоо бригадалары керектүү жабдыктар жана автотранспорт менен камсыздалды.

Энергетиктер керектөөчүлөрдү бир убакта бир нече тиричилик техникасын иштетпөөгө, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9970