500 жасалма документ. Сузакта мыйзамсыз жер саткан кызматкерлер кармалды
RU

500 жасалма документ. Сузакта мыйзамсыз жер саткан кызматкерлер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир нече кызматкерлери "кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып" мыйзамсыз жер сатууга айыпталып кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана айыл өкмөт башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган К.О.С. аттуу жаран колго түшкөн",-деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар жасалма документтерди колдонуу менен айыл чарба өндүрүшүнө гана ылайыкталган жер тилкелерин жеке турак жай курууга мыйзамсыз сатышкандыгы аныкталган.

"Алардын жашаган жана иштеген жерин тинтүү учурунда жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документ табылган",- деп белгиленет.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда окуянын жагдайларын, ошондой эле кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10734