"Альянс Алтындын" колдоосу менен IT-мектептин эки бүтүрүүчүсү Aifello`го ишке орношту
Ушул жылдын 6-мартында Талас мамлекеттик университетинде "Альянс Алтын" ЖЧКсы менен россиялык Aifello компаниясынын биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган IT-технологияларды функционалдык тестирлөөнүн негиздери боюнча эки айлык курстун акыркы туру болуп өттү.
Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасына Талас мамлекеттик университетинин ректору Самат Жумалиев жана "Альянс Алтындын" коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Канатбек Сарчаев катышты. Алар долбоордун катышуучуларын ийгиликтүү иши менен куттуктап, баалуу билимди акысыз алууга мүмкүнчүлүк түзгөн "Альянс Алтын" компаниясына терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Өз кезегинде россиялык IT-эксперттер кыргызстандык жаштардын активдүүлүгүнө баа берип, алардын профессионалдык чөйрөдөгү жогорку потенциалын жана келечегин белгилешти.