Депутат Абиров катышкан мушташ тууралуу президентке маалымат берилди
RU

Депутат Абиров катышкан мушташ тууралуу президентке маалымат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташка катышып, бир жаранды сабагандыгы боюнча Садыр Жапаровго маалымат берилди. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жазды.

"Мушташуу жана Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт", - деп айтылта билдирүүдө.

Эске салсак, 11-март күнү кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде аталган мекеменин коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен бир топ кишилердин ортосунда уруш чыккан. Социалдык тармактардагы видеого караганда, мушташка катышкандардын арасында депутат Жаныбек Абиров да бар.

Бишкек ШИИББден мушташка катышкандардын бардыгы такталып, мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын билдиришти.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10866