Жаныбек Абиров катышкан мушташтын чоо-жайын сабалган күзөтчүнүн шериги баяндады
RU

Жаныбек Абиров катышкан мушташтын чоо-жайын сабалган күзөтчүнүн шериги баяндады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ресторандардын биринде орун алган мушташта жабыркаган күзөтчүнүн шериги окуя тууралуу Kaktus.media`га айтып берди.

Белгилесек, ресторандагы кардарлар менен ыкчам күзөт кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыккан. Анда Арген Жекшенов сабалып, ооруканага түшкөн.

Адис Айбек уулу чакыруу болгон жерге Арген Жекшенов менен чогуу барган.

"3 киши эс алып отуруптур. Арген экөөбүз аларга барып, өзүбүздү тааныштырып, бул жай конок үй экенин айттык. Залда отургандардын бири ыйлап отуруптур. Биз сыртка чыгуусун жана мекеменин ичинде ызы-чуу салууга болбой турганын, коноктордун тынчын албоосун айттык. Алар сыртка чогуу чыгышты. Ал эми жанындагы столдо 10 чакты адам отурган. Бир убакта депутат чуркап келип, уруш башталып кетти. Биз анын эл өкүлү экенин билген эмеспиз, реакция кылууга жетишпей калдык. Бизди кармап алышып, жабылып уруп башташты. Алар бизди сабашты, Арген көбүрөөк токмок жеп калды", - деди ал.

Адис Айбек уулу депутат достору менен аларды жөн жерден эле сабап салганына жаны кашайганын кошумчалады.

"Ал жаныбызга келип, эмне болуп жатканын тактаса болмок. Себепсиз эле бизди жабылып сабап салышты. Менин шергим катуу сабалды", - дейт.

Күзөтчүлөрдүн кесиптештеринин айтымында, депутат дагы, мушташтын катышуучулары дагы аларга барып тосмо арыз жазууну суранган эмес.

"Жаныбек Абиров ошол күнү Жал кичи районундагы балдар аянтчасынын ачылышына катышканын билебиз. Ал бул саамалыкты жакындары менен белгилеп жаткан болушу мүмкүн", - деп божомолдошот күзөтчүлөр.

Белгилей кетсек, 12-мартта депутат Жаныбек Абиров "Золотой дракон" ресторанында орун алган мушташтын катышуучусу болгон. Анда күзөтчү жаракат алып, ооруканага түштү. Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүүдө.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10879