Тажикстанда жер титирөөдөн турак жайлар кыйрады
RU

Тажикстанда жер титирөөдөн турак жайлар кыйрады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстанда 23-мартка караган түнү болгон жер титирөөдөн Согд облусунун Тоолуу Матча районунда ондогон турак үй жана айыл-чарба курулуштары кыйрады.

Эске салсак, Тажикстанда күчү 5,9 баллга жеткен зилзала болгонун Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирген.

Жер титирөөнүн очогу Кожент шаарынан 96 километр алыс жерде орун алган.

Жер титирөө Кыргызстан менен Өзбекстанда да сезилген.

21-марттын кечинде Афганстанда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсү Пакистан жана Индияда да сезилген.

Ал күнкү Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 3 баллга жердин термелиши катталган.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11081