УКМК: Сарпашев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен кайтарды
RU

УКМК: Сарпашев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 23-мартта ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору Сарпашев кармалган.

"Сарпашев "Тазалык" ишканасынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган акча каражатын ыйгарып алуу боюнча күнөөсүн моюнга алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен, башкача айтканда, 5 млн 167 миң 600 сомду мамлекетке кайтарды", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Р.Сарпашевге карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

"Учурда Р.Сарпашевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттердин башка фактылары текшерилүүдө", - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11199