Эл аралык валюталар фондуна Кыргызстандан жаңы өкүл дайындалды
RU

Эл аралык валюталар фондуна Кыргызстандан жаңы өкүл дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лилия Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандан аткаруучу директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 22-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, буга чейин аткаруучу директордун кеңешчиси кызматын президенттин 2023-жылдын 17-мартындагы буйругу менен кайра чакыртып алынган Толкунбек Абдыгулов ээлеп келген.

Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун Вашингтондогу кеңсесинин кызматкери болгон. Ал ошондой эле ЭВФтин Кыргызстандагы Туруктуу миссиясында экономист кызматын аркалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11204