Акча чогултуулар боюнча үн каткан окуучуларга басым жасаган мугалимдер кызматтан алынат
RU

Акча чогултуулар боюнча үн каткан окуучуларга басым жасаган мугалимдер кызматтан алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда окуучулардан акча чогултулса мугалимдер, мектеп директорлор жана ата-энелер айыпка жыгылышы мүмкүн. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү бүгүн, 4-апрелде брифингде мыйзам долбооруна байланыштуу суроолорго жооп беришти.

Журналисттер мыйзам кабыл алынса кандай иштей турганына кызыгышты. Мектептин билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу бөлүмүнүн башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билим берүү органдары гана эмес, укук коргоо органдары, ата-энелер жамааты да иштешет деп жооп берди. "Биринчи кезекте мугалим, мектеп жетекчилиги жалпы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапатын ойлошу керек", - деди ал.

Абдылдаева окуучудан мыйзамсыз түрдө акча чогултулса же дагы башка мыйзамсыз аракеттер болсо ата-энелер укук коргоочуларга арыз менен кайрылышы керектигин белгиледи. Бирок көп учурда тараптар элдешип алат дейт.

"Мектеп директорлору инвестиция тартуу менен алектениши керек. Кандай гана учур болбосун ата-энелерден талап кылбашы керек. Директорлорду инвестициялык программларды тартууга, долбоор жазууга окутушкан", - дейт ал.

Министрликтин дагы бир өкүлү Бектур Ибрагимов белгилегендей, эмгек мыйзамдарына ылайык, мугалимдерге, директорлорго "эскертүү, сөгүш же кызматтан алуу" түрүндөгү жаза колдонулат.

Ата-энелер укук коргоо кызматына кайрылып, текшерүү жүргүзүлүп, айып пул салынгандан кийин окуучуга кодулоо болсо мугалим берене менен кызматтан алынат дейт Абдылдаева.

"Бул Эмгек кодексинде каралган. Мындай учурда балага моралдык, психикалык басым болот. Мугалимди берене менен иштен алышат. Мугалимдин биринчи милдети - окуучуга кысым, басым кылбай, мазактабай сапатту билим берүү", - деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11347