Кыргызстандыктар 75 миң долларды өлкөдөн алып чыгууга аракет кылышкан
RU

Кыргызстандыктар 75 миң долларды өлкөдөн алып чыгууга аракет кылышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү аракетинин алдын алышты. Бул тууралуу коопсуздук комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, "Достук" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу тиешелүү документтерин жана бажы декларациясын толтурбастан 75 миң доллар алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын эки жараны кармалды.

"Республиканын бюджетине 568 миң 230 сом – белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% жыйналды", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11594