Садыр Жапаров: Латын алфавитине өтүү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте
RU

Садыр Жапаров: Латын алфавитине өтүү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Анда кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, Каныбек Осмоналиев талкууланып жаткан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча маалымат берди.

Президент мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү - мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жагынан Улуттук комиссиянын көрүп жаткан чараларын канааттануу менен белгилеп, бардык жарандар тилди тийиштүү деңгээлде билүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Ошону менен катар мамлекет башчысы Улуттук комиссиянын төрагасына катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда, кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

"Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек", - деп баса белгиледи.

Садыр Жапаров министрликтерде, ведомстволордо жана башка органдарда мамлекеттик тилдин абалына өзгөчө көңүл буруп, Улуттук комиссия тарабынан тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11747