Президент катышкан футбол. Садыр Жапаров дагы бир ирет эң мыкты бомбардир болду
RU

Президент катышкан футбол. Садыр Жапаров дагы бир ирет эң мыкты бомбардир болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте президенттин катышуусундагы футбол боюнча "Мурас" турнири жыйынтыкталды. Ал эми 3-орунду Садыр Жапаровдун командасы ээлеп, 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Турнирдин "Эң мыкты бомбардири" Садыр Жапаров болуп, 11 гол киргизген. Кыргызстандын футбол союзунун жетекчиси Медербек Сыдыков президентке диплом жана алтын бутса түрүндөгү статуэтканы тапшырды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын декабрь айында өткөн акыркы турнирде да Садыр Жапаров мыкты бомбардир болгон.

Эске салсак, 27-28-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча кезектеги "Мурас" достук турнири өттү. Турнир жазында жана кышында өтүүчү салттуу мелдеш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12581