Владимир Зеленский Украина Россиянын аскерлерине каршы контр-чабуулга даяр экенин билдирди
RU

Владимир Зеленский Украина Россиянын аскерлерине каршы контр-чабуулга даяр экенин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский The Wall Street Journal басылмасына берген маегинде Украинанын Куралдуу күчтөрү Россиянын аскерлерине каршы контр-чабуулга даяр экенин билдирди.

"Чынын айтсам, кырдаалдын өнүгүшүнүн бир нече варианттары бар, ал башкача болуп кетүүсү ыктымал. Бирок биз контр-чабуулга барабыз, биз даярбыз", - деди Зеленский.

Украинанын президенти Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ийгилигинен эч кандай күмөн санабаганын белгилеп, бирок Россия басып алган аймактарды бошотуу үчүн убакыт керек экенин эскертти. Ал ошондой эле Украина контр-чабуул учурунда олуттуу жоготууларга учурашы мүмкүн экенин айтты. Анткени Россия абада артыкчылыкты сактап турганын, ал эми Украинанын Куралдуу Күчтөрүндө абадан коргонуу системалары жок экенин кошумчалады.

"Биз кээ бир нерселерге ээ болгубуз келет (Батыш куралдары), бирок аны биз айлап күтө албайбыз", - деп жыйынтыктады ал.

Украина бийлиги чабуул тууралуу 2022-жылдын аягынан бери айтып келет. Башында жазында башталат деп күтүлүп, бирок кийинчерээк даталар өзгөргөн.

29-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку башкы командачынын штабынын жыйынында украин аскерлеринин "кыймылынын мөөнөтү" боюнча чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12748