Түркмөнстан калкынын саны 7 миллиондон ашканын жарыялады
RU

Түркмөнстан калкынын саны 7 миллиондон ашканын жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркмөнстан калкынын саны 7 миллиондон ашканын расмий жарыялады. Бул тууралуу TDH мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Андагы маалыматта Түркмөнстандын Министрлер кабинетинде өткөн жылдын декабрь айында өткөрүлгөн эл каттоонун жыйынтыгы быйыл 14-июлда жарыяланганы айтылат.

Мамлекеттик статистика комитетинин башчысы Довлетгелди Аманмухамедовдун маалыматына караганда, эл каттоонун жыйынтыгы 2022-жылдын 17-декабрына карата Түркмөнстандын калкынын жалпы саны 7 миллион 57 миң 841 адамга жеткенин көрсөттү.

Статистикалык маалыматтарда калктын 50 пайызга жакынын эркектер, 50 пайыздан ашыгын аялдар, өлкөнүн жалпы калкынын 47,1 пайызын шаарларда, 52,9 пайызы айыл аймактарда жашайт деп айтылат.

Буга чейин Түркмөнстандагы калктын саны тууралуу расмий маалымат жарыяланган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13462