Кызматынан бошотулду, кызматы төмөндөдү, башка жерге которулду. Новиковдун чечимдери
RU

Кызматынан бошотулду, кызматы төмөндөдү, башка жерге которулду. Новиковдун чечимдери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков салык администрациясынын процедураларын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Кеңешменин жүрүшүндө "Бириккен пост" автоматташтырылган маалыматтык тутумун, КНС аналитикалык көзөмөл тутумун жана товарларды санариптик маркировкалоону (дары-дармек каражаттарын кошо алганда) ишке ашыруунун баскычтары талкууланды.

Көчмө жыйындын соңунда жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү. Жүктөлгөн милдеттенмелерин бир нече ирет аткарбагандыгы жана тийиштүү түрдө аткарбагандыгы, мурдагы тартиптик мүнөздөгү жазасы жоюлбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгынын начальниги ээлеген кызматынан бошотулду.

"Эркечтам" салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө пунктунун начальниги кызматтан төмөндөтүлүп, башка кызматка которулду.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин тутумунда "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" транспорттук көзөмөл пункттарынын – 22 кызматкери, "Чоң-Капка" жана "Кызыл-Адыр" транспорттук көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери ротацияланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын өздүк курамынын кызматкерлерине карай кызматтык милдеттерин аткарууда кетирилген кемчиликтерине байланыштуу төмөнкүдөй чаралар кабыл алынды.

"Баткен" Бажы процесстери борборунун алдын ала бажы процедуралар тобунун "Кайрагач" өткөрүү пунктунун начальниги кызматынан төмөндөтүлүп, инспектор кызматына которулду.

Түштүк аймактагы бажы көзөмөлүн уюштурууну жетектеген "Ош" бажы процесстери борборунун начальниги кызматынан эки баскычка төмөндөтүлүп, башкы инспектор кызматына которулду.

"Достук" өткөрүү пунктунун начальниги кызматынан эки баскычка төмөндөтүлүп, алдын ала бажы процедуралар тобунун башкы инспектору кызматына которулду жана кызматын башка участокто аткарууга жөнөтүлдү.

"Достук" өткөрүү пунктунун башкы инспектор кызматын ээлеген калган жеке курамы ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, коштоо түзүмдөрүнө жана нөөмөт кызматына которулду.

Учурда аталган инцидент боюнча ички иликтөөлөр жана коррупциянын алдын алуу башкармалыгы тарабынан ички кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө жана текшерүү жыйынтыгы боюнча тийиштүү маалымат берилет.

Мындан тышкары, товарлардын киргизилишин эсепке алуу жана көзөмөлгө алуу маселелерин көзөмөлдөгөн салык түзүмүнүн кызматтык жактарына карата кызматтык иликтөө жыйынтыкталуу алдында турат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтары тууралуу кийинчирээк маалымдалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/137