Бишкекте жыл аягына чейин 100 эски лифт алмаштырылат
RU

Бишкекте жыл аягына чейин 100 эски лифт алмаштырылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жыл аягына чейин 100 эски лифт алмаштырылат. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев муниципалдык лифттерди модернизациялоо боюнча иштердин жүрүшүн текшерди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиевге 100 лифтти 2023-жылдын ноябрь айынын аягына чейин алмаштыруу иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.

Жалпысынан "Бишкекшаарлифт" ишканасынын өндүрүштүк программасынын алкагында 2023-жылга муниципалдык 100 лифтти алмаштыруу каралган.

Азыркы учурда келишимдин шарттары боюнча 59 лифт алынып, алардын ичинен 47 лифт толугу менен алмаштырылды жана пайдаланууга берилди. Учурда муниципалдык ишкана тарабынан 12 лифтти модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13811