Экс-министр Доскул Бекмурзаев диний борбордо кызмат кыла турганын айтты
RU

Экс-министр Доскул Бекмурзаев диний борбордо кызмат кыла турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев иш чөйрөсүн алмаштырып, Дин агартуу борборунда иштөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу экс-чиновниктин видео кайрылуусу интернетке чыкты.

Ал кайрылуусунда Жусуп Баласагын атындагы диний билим берүү борборунун ишмердүүлүгүнө кызыгып калганын айтат.

"Көптөн бери издегенимди ушул жерден таптым. Бул жерден билим алган жаштар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем. Бүгүндөн баштап бул борбордо кызмат кылууга даярмын", - деген экс-министр.

Видео качан жана кандай шартта тартылганы белгисиз. Ал эми экс-министрдин буга чейинки байланыш номери тейленбей калганы белгилүү болду.

Эске салсак, 2022-жылы күзүндө Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогон. Ал тармакка эч кандай тиешеси жок адамдарды бюджеттин эсебинен чет өлкөгө командировкага жиберген деп айыпталган. Экинчи иш "Теплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплексин оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон.

Октябрда президент Садыр Жапаров аны кызматтан алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14106