Көк бөрү: Ошто "Ынтымак" командасынын оюнчусуна аргымак мингизишти
RU

Көк бөрү: Ошто "Ынтымак" командасынын оюнчусуна аргымак мингизишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунда көк бөрү боюнча "Ынтымак" жана "Достук" командаларына Ош облусунун элинин атынан чай уюштурулду. Анда "Ынтымактын" оюнчусу Өмүрбек Эсен уулуна аргымак мингизишти.

Иш-чара бүгүн, 1-сентябрда болгону белгилүү болду.

Эске салсак, 31-августта Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата президенттик көк бөрү боюнча турнир өткөн. Финалга "Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары чыгып, оюндун жыйынтыгында жеңиш "Ынтымак" командасына ыйгарылып, буга көрүүчүлөр нааразы болушкан. Нааразы болгон көрүүчүлөрдүн тобу оюн талаага чуркап чыгып, тополоң башталган.

Оюндун финалына Садыр Жапаров да күбө болгон. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тополоңду баштагандарды, катышкандарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тапшырмаларды бергенин айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору тополоңдо жүздөй адам жабыркаганын билдирди.

Облустук милициядан тополоңдун катышуучусу делинген 25 адам кармалып, суракка жеткирилгенин маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14216